Баткенде кыргыз-өзбек дыйкандарынын жарманкеси өттү

Баткенде кыргыз-өзбек дыйкандарынын жарманкеси өттү

Бүгүн, 15-ноябрда  Баткен шаарында кыргыз-өзбек дыйкандарынын «Алтын күз» эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жарманкеге Баткен району менен Баткен шаарынын жана Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондорунун дыйкан-фермерлеринин, ишкерлерин колдоо жана кызматташуусуна шарт түзүү  максатында уюштурулган.

«Иш-чарага аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен», — деп айтылат маалыматта.

Жарманкеде облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров сөз сүйлөп, бул иш-чара Баткен менен Фергана облустарынын кызматташуусуна өбөлгө түзгөн аянтча болорун белгилеген.

«Түшүм жыйылып, кырман толгон күз айларында өтүп жаткан бүгүнкү иш чара биринчи кезекте элибиз үчүн жагымдуу саамалык болду. Бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагы кылымдарга жашасын, тынчтыкта, токчулук- молчулукта карым-катнашыбыз чыңдала берсин. Аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чаралар Баткен жана Фергана облусунун айыл чарба жаатында кызматташуусу үчүн эң пайдалуу аянтча болот, ишкерлер да  өндүрүштүк жааттагы кызматташууга көңүл бурат», — деди ал.

Ошондой эле жарманкеге Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Өзбекстандын Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>