Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Онлайн тотализатор мамлекеттик иш-чарага демөөрчү болгонбу? – депутат
15.11.2023 | 13:05
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо 1XBet компаниясынын мамлекеттик иш-чараларга көрсөткөн демөөрчүлүгү боюнча маалымат сурады.
Финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров суроого кат менен жооп берерин айтты.
“Бул жерде айткандан уялып жатсаңар кагаз түрүндө жооп бергиле”, – деди ал.
Депутат Эрулан Көкүловдүн билдирүүсүндө, аталган онлайн тотализатор айрым улуттук оюндарга дагы демөөрчүлүк көрсөтүүдө.
“Чолпон-Атадагы ипподромдо алардын жарнамасы илинип турат. Ушу Көк-Бөрүгө тийбей эле койсоңор болмок”, – дейт ал.
Марат Пирназаровдун айтымында, 1XBet компаниясынын лицензиясы алынган.
Казинодон уткандар салык төлөйт. Минкаб аны алуу жолун аныктай элек
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом