Мигрант үй-бүлө, ур-токмок менен чоңойгон бала. Ким зомбулук көрсөтөрү айтылды

Мигрант үй-бүлө, ур-токмок менен чоңойгон бала. Ким зомбулук көрсөтөрү айтылды

Зордук-зомбулук көрсөтүлгөн үй-бүлөдө чоңойгон жаран чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү билбей калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова билдирди.

Анын айтымында, чатак көбүнчө жашоо шарты начар, кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдө акчанын артынан келип чыгат.

«Андан сырткары, мигранттардын балдары дагы ата-эне мээримин, тарбиясын көрбөй, айрымдары кодуланып жүрүп чоңоюшат. Зомбулук болгон үй-бүлөдө өскөн жаран дагы келишпестикти чечүүнүн башка жолун билбейт. Ал маселени ур-токмок менен гана чечиш керек деп эсептейт», — дейт Динара Ашимова.

Депутат мамлекеттик деңгээлде мындай үй-бүлөлөр менен ар тараптуу иш алып барып, жабырлануучу гана эмес, зомбулук көрсөткөн жаранга дагы психологиялык жардам көрсөтүүнү сунуштайт.

«Мен түздөөчү программаларды сунуштап жатам. Пробация, психологдордун жардамы менен иш алып баралы», — дейт ал.

Динара Ашимованын мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Аялдар кабылган зордук-зомбулуктун беш түрү. Алар кайсылар?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>