Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Москвадагы куралдуу кол салууда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок
23.03.2024 | 06:31
Москвадагы терактта эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, 22-мартта Москвадагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар