Кыргызстан Москвадагы терактыны кескин айыптайт — ТИМ

Кыргызстан Москвадагы терактыны кескин айыптайт — ТИМ

Кыргызстан 22-мартта «Крокус сити холлдо» көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 «Терроризм жана анын бардык көрүнүштөрү эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана ыйык Орозо айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууга чакырды.

ТИМ өзгөчө кырдаалда жарандарды элчиликтин +7 925 115 50 47 жана министрликтин +996 999 312 002 ыкчам телефондору менен байланышууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>