Бишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалдыЖККУ уюмдун Уставына кол коюлгандыгынын 24 жылдыгын белгилөөдөНарын шаарында 350 балага ылайыкталган оюн-зоок борбору курулуудаЭнергетика министрлигинин жетекчиси кышында электр жарыгы өчүрүлөбү же жокпу, айтып бердиЖапаров Путинди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктадыОш шаарында сары автобустар окуучуларды акысыз ташый баштады
Москвадагы куралдуу кол салууда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок
23.03.2024 | 06:31
Москвадагы терактта эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, 22-мартта Москвадагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар