Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңишти
Мухаммедкалый Абылгазиев абакта 2 айга калтырылды
19.03.2021 | 16:54
Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча отурум болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында камакка калтыруу түрүндөгү баш коргоо чарасы 26-майга чейин узартылды.
- Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.
- Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда 26-мартка чейин камакка алынган болчу.