Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралуу
Мухаммедкалый Абылгазиев абакта 2 айга калтырылды
19.03.2021 | 16:54
Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча отурум болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында камакка калтыруу түрүндөгү баш коргоо чарасы 26-майга чейин узартылды.
- Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.
- Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда 26-мартка чейин камакка алынган болчу.