Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу борбор калаа бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.

Эске салсак, бул кызматты Алмаз Бакетаев ээлеген, эми ал турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр кызматын ээлейт, ал эми Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болду.

Тиешелүү буйруктарга шаар башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>