Нарында 12-майдан бери 4 жаштагы Рахима Жаныбекова изделүүдө. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова кабарлады.
Анын айтымында, наристенин майыптыгы бар.
Акыркы жолу аны Кочкор районунда көрүшкөн.
«Кызым сүйлөй албайт, жакшы баса да албайт», — дейт атасы.
Көргөн билгендер болсо төмөнкү телефонго кабарлоого болот: 0709191460