«Ток менен бир саат бою кыйнады». Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдирди

«Ток менен бир саат бою кыйнады». Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдирди

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдиргенин «Азаттык» жазды.

Бүгүн Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши боюнча отурум өтүп, анда акын көрсөтмө берген. Ал билдиргендей, 20-мартта кармалгандан кийин абакта аны күч кызматкерлери кыйноого алган. Бул боюнча Аскат Жетиген Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылган.

«Ток менен бир саат бою кыйнашкан. Бул боюнча кат жибердим. Учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат», — деди ал.

Ошондой эле Аскат Жетиген ага тагылган айыптарга макул эместигин билдирди.

Кийинки отурум 28-майга белгиленди.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети Аскат Жетигендин билдирүүсүнө жооп бере элек.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.

Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген. Анын ичинде кумаркананы иштетүү, тууну өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон.

Жактоочу Венера Буудайбекова «Азаттыкка» билдиргендей, Аскат Жетигендин 15-марттагы жасаган видеокайрылуусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анын негизинде акынга «массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>