13,2 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошулат? Соцфонддун жообу

13,2 миң сом пенсия алгандарга канча акча кошулат? Соцфонддун жообу

Бүгүн, 23-майда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйын өткөрүп, быйыл пенсионерлердин пенсиясы канча сомго көтөрүлөрүү тууралуу айтып берди.

Белгилүү болгондой, пенсия базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнөн турат. Базалык бөлүктү мамлекет төлөйт, учурда анын суммасы (жетиштүү стажы барлардыкы) 3 миң 170 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү ар бир пенсионердики ар кандай: убагында ким канча камсыздандыруу төгүмүн төккөн болсо, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү ага жараша көп же аз болот.

Соцфонд пенсияны эки баскычта – 1-июлда жана 1-октябрда көтөрүүнү коздөп жатат. Алиев билдиргендей, 1-июлда пенсиясынын базалык бөлүгү аз болгондорго акча кошулуп, 1-июлдан тарта өлкөдө эң аз пенсия 3,5 миң сомдон кем болбойт.

Ал эми 1-октябрда пенсионерлердин камсыздандыруу бөлүгү 18%га, кеминде 1 миң сомго көтөрүлөт. Ал убакытка чейин өлкөдө пенсионерлердин саны 787 минге жетет деп болжолдонууда.

«Мисалы кээ биринин камсыздандыруу бөлүгү аз болот. Аны 18%га көтөргөндө, аларга 200-300 же 500-700 сом кошулуп калышы мүмкүн. Биз камсыздандыруу бөлүгү аз болгондорго кеминде 1 миң сом кошуп беребиз. Ал эми калгандарыныкы 18%га көтөрүлөт. Анын формуласы мындай болот: 13 миң 170 сом пенсия алса, анын 3 миң 170 сому мамлекет төлөгөн пенсиянын базалык бөлүгү болот. Ошондо 10 миң сом пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү болот. Аны 18%га көтөргөндө, 1,8 миң сом кошулат», — деди ал.

Соцфонддун төрагасынын эсептөөсүнө таянып айтсак, болжол менен 8 миң 726 сомдон аз пенсия (базалык бөлүгү 3 миң 170 сом+камсыздандыруу бөлүгү 5 миң 556 сом) алгандардын баарына 1 миң сомдон кошулат, ал эми андан өйдө болгондордуку 18%га көбөйтүлөт.

Алиев 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийин өлкөдөгү пенсия 6,9 миң сомдон кем болбой турганын айтып, Конституциядагы «өлкөдө пенсия жашоо минимуманан аз болбойт» деген норма аткарыла баштай турганын билдирди. Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык аталган норма 2023-жылдын 1-январынан тарта эле аткарыла башташ керек болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>