Марлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайы
Нарында тургундун 1 млн сомдук 5 жылкысы уурдалган
19.06.2024 | 12:41
Нарындын Жумгал районунда жылкы уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Быйыл март айында белгисиз адамдар Байзак айылынын тургунунун баасы 1 млн сом болгон 5 жылкысын уурдап кеткен. Бул факт боюнча “мал уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулук кылган деп Тогуз-Торо районунун (Жалал-Абад облусу) 22 жаштагы А.Н. аттуу тургуну шектелип, ал Ысык-Көлдөн кармалды.
Соттун чечими менен шектүү тергөө абагына камакка алынды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.