Новиков Баткен районунун эвакуацияланган айылдарынын жашоочуларына барды — сүрөт

Новиков Баткен районунун эвакуацияланган айылдарынын жашоочуларына барды — сүрөт

Баткен облусунун чектеш айылдарынын эвакуацияланган тургундарына бардым. Мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер министр Артём Новиков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7 миң 93 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6 миң 79 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.

«Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган», — деп жазган ал.

Новиков Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>