Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
Новосибирскиден келе турган кыргызстандыктардын жарымы учакка батпай калды
22.04.2020 | 17:15
Бүгүн, 22-апрелде Новосибирск шаарынан Бишкеке учуп келе турган кыргызстандыктардын жарымы учакка батпай калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
“Каттамды 300дөн ашык адам билет алып күтүп жаткан. Бирок S7 Airlines авиакомпаниясынын учагы 176 адамга ылайыкталгандыктан, ага биринчи кезекте балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар менен ден соолугунан жабыркагандар отургузулмай болду”, – деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Ошондой эле Элчилик бир нече ирет 300 орундуу учак берүү өтүнүчү менен “S7 Airlines” компаниясына кайрылганын, бирок компаниядан андай мүмкүнчүлүк берилбегенин кошумчалашты.
иллюстрациялык сүрөт
Рубрики: Жаңылыктар, Коом