Казакстан жарым жылга тоок жумурткасын импорттоого тыюу салды — анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн даБишкек электр тармактар ишканасынан акча чыгарып кетүүгө шектелип директор, башкы эсепчи жана анын орун басары кармалдыМамлекеттик өнүктүрүү банкы май айында фондулук биржага чыгатЧүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болду
Новосибирскиден келе турган кыргызстандыктардын жарымы учакка батпай калды
22.04.2020 | 17:15
Бүгүн, 22-апрелде Новосибирск шаарынан Бишкеке учуп келе турган кыргызстандыктардын жарымы учакка батпай калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
“Каттамды 300дөн ашык адам билет алып күтүп жаткан. Бирок S7 Airlines авиакомпаниясынын учагы 176 адамга ылайыкталгандыктан, ага биринчи кезекте балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар менен ден соолугунан жабыркагандар отургузулмай болду”, – деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Ошондой эле Элчилик бир нече ирет 300 орундуу учак берүү өтүнүчү менен “S7 Airlines” компаниясына кайрылганын, бирок компаниядан андай мүмкүнчүлүк берилбегенин кошумчалашты.
иллюстрациялык сүрөт
Рубрики: Жаңылыктар, Коом