Чач тарачтар жабык. Чеченстанда аткаминерлер чачтарын кырдырууда

Чач тарачтар жабык. Чеченстанда аткаминерлер чачтарын кырдырууда

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чачын кырдырып таштады. “Кавказ-Реалии” билдиргендей, эртеси эле республикадагы көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлер дагы чачтарын алдырышты.

Кадыров дүйшөмбү, 20-мартта коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн. Жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Кадыров “баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт” деп жооп берген.

21-мартта Кадыров “Инстаграмдагы” баракчасына чачы жок чыгып, башкаларды да чачты алдырууга чакырган.

Ал: “Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан. Башкысы, пайгамбарыбыз муну шейшембиден шаршембиге караган күнү жасаган», – деп билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>