«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Самат “Кыргыз” Эмил Новрузовдон утулуп калды. Калыстын чечими талаш жаратты
27.07.2025 | 07:12
Москвада өткөн IBA Bare Knuckle муштум лигасынын стадиондук турниринин негизги беттешинде кыргызстандык мушкер Самат “Кыргыз” Абдырахманов атаандашы Эмил Новрузовго утулуп калды. Мушташ калыстардын чечими менен жыйынтыкталып, жеңиш Новрузовго ыйгарылды.
Бул эки мушкердин беттеши буга чейин да 2023-жылы өтүп, анда да Самат упай айырмасы менен жеңилип калган болчу. Экинчи жолу кайталанган жеңилүүдөн кийин күйөрмандар калыстардын чечимине нааразычылык билдиришип, жыйынтык талаш жаратты.
Абдырахманов беттештен кийин берген комментарийинде жеңилүү аны сындырбай турганын, алдыда дагы күчтүү даярдык менен кайра кайтып келерин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт