Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Бажы кызматынын кадрлар резервине 66 талапкер кабыл алынды
15.07.2025 | 10:11

Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервине өткөн сынактын жыйынтыгында 66 талапкер тандалып алынды. Сынакка баштапкы этапта 382 адам катышып, үч турдан турган тандоо жараяны уюштурулган.
Биринчи этапта дене тарбия даярдыгынан 213 талапкер ийгиликтүү өттү. Экинчи турда 8–9-июлда 100 суроодон турган компьютердик тест өткөрүлүп, 68 киши үчүнчү этапка жолдомо алган. Акыркы этапта талапкерлер эссе жазып, комиссия менен маектешүүдөн өтүштү.
Жыйынтыгында, 66 адам кадрлар резервине киргизилди. Анын ичинен укук коргоо органдарында мурда иштеген 19 талапкер курстан өтпөстөн сырттан резервге алынса, 47 талапкер атайын даярдык курсунан өтөт.
Толук маалымат жана талапкерлердин тизмеси Бажы кызматынын сайтында жарыяланган: www.customs.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика