Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук өчүрүлө баштайт
4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.
Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сыртта абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта борбор калаада 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин аяктоо боюнча жарлыкка кол коет.
Маалымдама номерлери:
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы: (0312) 21-28-47, (0312) 212844.
«Бишкектеплосеть» ААКнын телефондору:
– (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору;
– 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун күзөтчү инженерлери;
– 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк аймагынын нөөмөт инженери;
– 56-85-58 – диспетчердик кызмат.