Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук өчүрүлө баштайт

Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук өчүрүлө баштайт

4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.

Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сыртта абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакынкы аралыкта борбор калаада 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгилин аяктоо боюнча жарлыкка кол коет.

Маалымдама номерлери:

«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы: (0312) 21-28-47, (0312) 212844.

«Бишкектеплосеть» ААКнын телефондору:

— (0312) 61-11-69 — керектөөчүлөрдү колдоо борбору;

— 36-57-19, 30-07-67 — Борбордук райондун күзөтчү инженерлери;

— 51-06-22, 21-74-06 — Түштүк аймагынын нөөмөт инженери;

— 56-85-58 — диспетчердик кызмат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>