Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Лицензиялык мелдеш: Боксчу Бекжигит уулу таймашты жеңиш менен баштады
05.03.2024 | 09:35
Кыргызстандык боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) Италиядагы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдеште алгачкы беттешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу спорттук кабарчы Тахир Гафуров билдирди.
Өмүрбек Бекжигит уулу 1/32 финалдагы биринчи таймашында грузиялык Георгий Гуцаев менен кез келген. Калыстардын чечими менен жеңиш Бекжигит уулуга берилген. Эми 1/16 финалдагы беттеште ал таиланддык Верапон Жонжохо менен күч сынашат. Ал 8-мартта өтөт.
Белгилей кетсек, бул лицензиялык мелдеште эркектер арасындагы таймашта мушкерлерге ар бир салмакта Олимпиадага төрттөн жолдомо берилет. Лицензияны жарым финалга өткөн 4 спортчу алат.