Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Сооронбай Жээнбеков Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты – фото
22.10.2019 | 15:37
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда Токиодо Жапониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.
Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү. Анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду. Ошондой эле императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.
Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.
Бул иш чара Жапониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат