Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылды
06.07.2022 | 14:22
6-июлдан 8-июлга чейин Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу иштери менен байланыштуу.
Эске салсак, 5-июлда ашууда авария болгон. Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас Көлбаев тоннелинин 1250 метринде бара жатып күйүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон. Алар жабыркаган жок. Тоннелдеги кырдаалдан улам электр жарыгы өчүрүлгөн.
Күйүп кеткен унаа чыгарылгандан кийин жол кыймыл үчүн ачылган. Бирок электр кабелин алмаштыруу иштерине байланыштуу автоунаалар үчүн кыймыл мезгил-мезгили менен чектелет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом