Имам эттин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийингени себеп экенин айтты

Имам эттин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийингени себеп экенин айтты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Доолов базарда малдын этинин кымбаттоосуна аялдардын ачык кийинип жүргөнү себепкер экенин айтты. Бул тууралуу дин кызматкери насыят айтуу учурунда билдирген.

“Качан сиз жашаган аймакта аялдардын эти арзандай баштаса, жоон санын бармактын башындай эле көрсөтүп басып калса, намыска келип, бир аксакал, “кимдин кызысың, жап этегиңди, узартпайсыңбы, уялбайсыңбы? Кимдин кызы бул?” деп ата-энесин сураштырбаган аталардын себебинен аялдардын эти арзандады. Аялдардын эти арзандаганы себептүү базардагы койдун эти кымбаттады”, — деп билдирди ал.

Буга чейин Садыбакас Доолов 2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда июнь айынын акыркы жумасында кой, уй жана чочко эти кымбаттаганын билдирген. Анда кой эти 0,9%га, 503,1 сомдон 508,1 сомго, уй эти 1,7%, чочко эти 4,1% кымбаттаганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Имам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>