Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Нуржан Шайлдабекова: 16 өлкөдө шайлоого добуш берүү жүрүүдө
28.11.2021 | 10:55
16 өлкөдө шайлоо добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө Түштүк Сахалинде биринчилерден болуп шайлоо участкасы ачылды.
“Түштүк Сахалинде Бишкек убактысы менен саат 03:00дө шайлоо участогу ачылды. Учурда 16 өлкөдө добушкана ачылып, иштеп жатат. Ал эми шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн”, – деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, аралаш система боюнча 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат