“Социал-Демократтар” партиясынын мүчөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

“Социал-Демократтар” партиясынын мүчөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

27-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 23 жаштагы Т.Ж., 24 миң акчаны 24 жаранга 1000 сомдон таркаткандыгы аныкталды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран тергѳѳгѳ алынып келинген. Тергѳѳ учурунда белгилүү болгондой бул жаранга таанышы «Н» ысымду жаран шайлоо күнү “Социал-Демократтар” партиясынын №5 тизмедеги талапкерге шайлап койгула деп он күн мурда 100 миң сом акча таштап кеткендиги, ал акчанын 24 миңин жакын туугандарына таркатып калган 76 миң сомун “Н” ысымдуу таанышына 25-ноябрда кайтарып берип, акча алган шайлоо күнү добуш бере турган 24 адамдын тизмесин жана паспорт кѳчүрмѳлѳрүн кошуп бергендиги аныкталган.

Акча таркатылган жарандар тергѳѳгѳ ыктыярдуу түрдѳ алган акчаларын тергѳѳгѳ ѳткѳрүп беришти. Топтолгон материалдардын жана далил буюмдардын негизинде акча таркаткан Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Х.Н. жана 23 жаштагы Т.Ж кармалып, тергѳѳ иштери улантылууда.
Акча таркаткан 26 жаштагы Х.Ндин аталаган партияга кандай тиешеси бардыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>