Өкмөттүн курамында аялдар эмнеге аз? Жапаровдун жообу

Өкмөттүн курамында аялдар эмнеге аз? Жапаровдун жообу

Өкмөттүн курамында канча пайыз аял бар. Силер эмне себептен гендердик балансты сактабай жатасыздар? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго парламентте берди.

«Бир жыл боюу антикризистик долбоор менен иштеп ушул мыйзамга жакшы көңүл бөлүнбөй калды эле, бирок, азыр өкмөтүбүздө эки киши айым болуп калды. Жалгыз эле бирөө болчу азыр дагы бири кошулду. 100 пайызга көбөйттүк деп мактана берсек болот. Бирок, аз. 30 пайыздан кем эмес болушу керек. Биз бул боюнча иштерди кылабыз«-деди Жапаров.

Ошол эле маалда бир дагы аялдардан аким, губернатор жок да деп эл өкүлү тактоо ирээтинде собол таштады.

“Азыр бир да аял жок. Бирок, азыр улуттук кадр резервдеринде даярдап жатабыз. Азыр коллегаларыма жок дегенде министрдин орун басарларынын бири аял кишиден болуш керек деп айтып атам”- деди Жапаров.

Мыйзамда жетекчилик кызматта аялдар 30 пайызын түзүшү керек деген норма бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>