Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешинде жеңишке жетти.
Жусупбеков 97 кг салмакта күч сынашууда. Ал биринчи беттешинде литвалык Миндаугас Венцкайтис менен күч сынашты. Жусупбеков атаандашын 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.
Чейрек финалда ал ирандык Мохаммадхади Сарави менен күрөшөт.