Эгемендүүлүк күнү менен: Кыргызстанды 20дан ашык мамлекеттин лидерлери куттукташтыСентябрдан тарта ЕАЭБ аймагына ташылып келген айрым товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке киретСадыр Жапаров менен Си Цзиньпин «Ынтымак Ордодо» сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөДКӨ, 2,5 млн турист жана жолдор: облус жетекчиси Ысык-Көлдөгү абал тууралууВьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга иш сапары менен келдиИндиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди
Акжол Махмудов Олимпиададагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады
06.08.2024 | 16:02
Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Махмудов бүгүн, 6-августта күрөш боюнча мелдештин экинчи күнүндө килемге чыкты. Ал 1/8 финалдагы алгачкы кармашында америкалык Камал Бей менен кез келди. Акжол Махмудов аны 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.
Эми экинчи беттешинде казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт