Бишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна бардыУКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалды
Оор жүк ташуучу унааларга Бишкекке кирүүгө тыюу салынды
01.04.2024 | 16:40
Бишкекте 5-апрелден 1-октябрга чейин оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичинде жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Салмагы 18 тоннадан ашык жүктү ташуучу транспорт саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта муниципалдык жолдо жүрө албайт.
Чектөөнүн төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешеси жок:
– гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
– Мэрия тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
– Муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.
Белгиленген талаптарды бузган учурда укук бузуучулар КРнын “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом