«Кызматтан кетесиздер!». Президенттин маалымат катчысы аким, мэрлерге 1 ай убакыт берди

«Кызматтан кетесиздер!». Президенттин маалымат катчысы аким, мэрлерге 1 ай убакыт берди

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик Садыр Жапаровдун атайын жарлыгын аткарбай жатышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзөв билдирди.

Анын айтымында, “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө кыргыз жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгына ылайык жергиликтүү бийлик турак жай куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга жер тилкесин өткөрүп бериш керек эле.

Бирок аны аткарбай коюунун айласын көрүп жаткан жетекчилер бар.

«Учурда белгиленген жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга бербөөнүн айласын издеп “бул жерлер мурда эле жеке менчикке берилип кетиптир” деген шылтоо менен документтерди жасалмалай коюп жеке жактарга өткөрүп ийүү, же өзүңөрдө калтырып калууга аракет көрүү фактылары аныкталууда. Министрлерге, өлкөбүздүн облус жетекчилерине, райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлерине эскертүү!», — дейт Аскат Алагөзөв.

«Ар бириңиздер Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген Жарлыгын бир айлык мөөнөттө аткарбасаңыздар ээлеген кызматыңыздардан бошотуласыздар», — дейт ал.

Ал аким, мэрлерди Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иш алып барууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>