Чүйдө коррупцияга шектүүлөрдүн бири кармалды

Чүйдө коррупцияга шектүүлөрдүн бири кармалды

Чүй облусунда мыйзамсыз жер сатып, пайда табууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 1965-жылы туулган Т.Ж. аттуу аял «Курулушчу» багбанчылык коомунун төрайымы болуп турганда, Сокулуктагы кызмат адамдар жана башка кишилер менен сүйлөшүп алып, коррупциялык ишке барышкан. Ал эски дата менен чыгарылган жасалма чечимдердин негизинде «Курулушчу» дачасындагы 14 жер тилкени өзүнө жана жакын туугандарына каттаган. Кийин ал менен башка кызмат адамдар жерлерди сатып, 3 млн 439 млн сом пайда тапкан.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (коррупция) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары кармалган 59 жаштагы аял убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тергөө уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>