Ош шаарынын башкы планы иштелип чыгатОш шаарында бузулган базардын ордуна парк курулатБишкекке 95 кытай автобусу келет. Жунушалиев алардын бирөөсүн көрсөттү«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылатПарламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылатӨкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Орусия Европа Кеңешинен чыгарылды
17.03.2022 | 09:00
Европа кеңешинин министрлер кабинети Орусияны уюмдун катарынан чыгарды. Чечим күчүнө кирди.
Орусияны бул кеңештен чыгарууну Европа кеңешинин Парламент ассамблеясы сунуштаган.
Мындан тышкары 16-марттан баштап Орусия адам укуктары жөнүндө Европалык Конвенциянын мүчөлүгүнөн да чыкты. Эми бул уюм Орусияга байланыштуу 16-мартка чейинки арыздарды гана карайт.
Европа кеңеши февралдын аягында Украинага каршы агрессияга байланыштуу Москванын мүчөлүгүн токтоткон. Мындан соң Орусия ТИМи өлкө Кеңештин ишине катышпай турганын билдирген. 15-мартта Орусия Европа Кеңешине уюмдан чыкканын эскерткен.
Орусия Европа Кеңешине 1996-жылы кошулган жана уюмдан чыккан алгачкы өлкө болуп калды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар