Ош шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издегенЖыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 5 жаш бала каза болдуКыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыкты
Орусия Европа Кеңешинен чыгарылды
17.03.2022 | 09:00
Европа кеңешинин министрлер кабинети Орусияны уюмдун катарынан чыгарды. Чечим күчүнө кирди.
Орусияны бул кеңештен чыгарууну Европа кеңешинин Парламент ассамблеясы сунуштаган.
Мындан тышкары 16-марттан баштап Орусия адам укуктары жөнүндө Европалык Конвенциянын мүчөлүгүнөн да чыкты. Эми бул уюм Орусияга байланыштуу 16-мартка чейинки арыздарды гана карайт.
Европа кеңеши февралдын аягында Украинага каршы агрессияга байланыштуу Москванын мүчөлүгүн токтоткон. Мындан соң Орусия ТИМи өлкө Кеңештин ишине катышпай турганын билдирген. 15-мартта Орусия Европа Кеңешине уюмдан чыкканын эскерткен.
Орусия Европа Кеңешине 1996-жылы кошулган жана уюмдан чыккан алгачкы өлкө болуп калды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар