Ош шаарынын «Туран» кичи районундагы 13 тургунду 19-сентябрь күнү ит тиштеп кеткен. Алардын ичинен экөө чоң адамдар болсо, калгандары мектеп жашындагы окуучулар.
Өспүрүмдөрдүн арасынан экөөнүн абалы оор болуп, облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Ал эми калгандары амбулатордук режимде дарыланууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травмотология бөлүмүнөн маалым болгондой, учурда алардын абалы орто.
Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматы иттин кутургандыгы боюнча ветеринардык кызматы иликтеп жатат.