«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Ош: 13 кишини ит тиштеди
21.09.2021 | 13:03
Ош шаарынын “Туран” кичи районундагы 13 тургунду 19-сентябрь күнү ит тиштеп кеткен. Алардын ичинен экөө чоң адамдар болсо, калгандары мектеп жашындагы окуучулар.
Өспүрүмдөрдүн арасынан экөөнүн абалы оор болуп, облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Ал эми калгандары амбулатордук режимде дарыланууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травмотология бөлүмүнөн маалым болгондой, учурда алардын абалы орто.
Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматы иттин кутургандыгы боюнча ветеринардык кызматы иликтеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом