Ош облусунун Кара-Суу районунда кызмат учурунда курман болгон милиционер Уран Шамырзаев эскерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Эскерүү иш-чарасына Кара-Суу райондук милициясынын жетекчилиги, облустук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Уран Шамырзаевдин үй-бүлөсү менен жакын туугандары катышты. Анда Уран Шамырзаевдин басып ѳткѳн ѳмүр таржымалы эскерилген. Ошондой эле волейбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулган.
Уран Шамурзаев 1973-жылы 24-майда Кара-Суунун Мады айылында туулган. Ал 2000-жылдын январь айында ички иштер органынын катарына кызматка кабыл алынган.
«Алгачкы кызматын Ош шаарынын ИИБнын күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган. Ошондон тартып каргашалуу күнгө чейин жарандардын бейпил жашоосу үчүн күн-түн дебей, жан үрөп кызмат кылып келген. Уран Шамурзаев 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышууда эки улуттун ынтымагын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып, кылмышкерлердин колунан баатырларча курман болгон», — деп айтылат маалыматта.
2011-жылы Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнө Уран Шамурзаевдин ысымы ыйгарылган.
Ал президенттин жарлыгы менен ІІІ даражадагы «Манас» (курман болгондон кийин) ордени менен сыйланган.