Бишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышкан
Ош: Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды
25.03.2022 | 09:49
24-март күнү саат 15:20 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа 75-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 4200м3 кар көчкү жүрүп унаа жолду жабып калган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 1 бульдозер, 1 жүктөгүч техникасы иштеп жатат. Тартылган техникалардын жардамында саат 18:30га чейин 2100м3 кар көчкү тазаланып, унаа жол бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. 25-март күнү тазалоо иштери улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар