Кыргызстанда 14 чет элдик жаран кулчулукта жүргөн

Кыргызстанда 14 чет элдик жаран кулчулукта жүргөн

Бангладеш өлкөсүнүн жарандарын жергиликтүү бир тургун мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  бул факты 2-март күнү  ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө Бангладеш жарандары котормочунун катышуусунда суралды жана чет элдик 14 жаран  Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган.

Жогорудагы тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштешкен жана Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бангладеш жарандары келишимдин негизинде иштеп жүрүшкөндүгүн билдиришкен. Аларга карата эч кандай зордук зомбулук көрсөтпөгөндүгүн, коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыярлары менен тигүү цехинде иштешип, жашап, ошол жерден тамак жасап жешкендигин, өз убагында иштеген жумушу боюнча айлык маяналарын алып жүрүшкөндүгүн билдиришкен.

Арызда каралган дооматтарды тактоо максатында жабырлануучулар, тергөө кызматына алынып келип, денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, котормочунун катышуусунда алар күбө катарында көрсөтмөлөрү алынган.

Бүгүнкү күндө дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек. Учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>