Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйыны өттү

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев, Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, район акимдери, бизнес-ассоциациялардын, донордук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.
Жыйында облустун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү жана инвестициялык карта даярдоо маселелери талкууланган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашкан Өзгөн шаарынын айланма жолунун курулушу ийгиликтүү мисал катары көрсөтүлүп, башка райондордо да ушундай долбоорлорду ишке ашыруу сунушталган. Ошондой эле “МЕДИМПЕКС” компаниясынын жер тилкесине байланыштуу маселеси каралып, футболдук аянтчанын жаңы жерге көчүрүлүшү колдоо тапкан.