Оштун жаңы мэри болгон Бакыт Жетигенов тууралуу эмне белгилүү?

29.11.2022 | 11:07

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өмүр баяны:

Бакыт Жетигенов 1966-жылы Чүй районунун Сайлык айылында туулган.

Билими:

1991-жылы — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда “машыктуруучу-мугалим” адистиги боюнча билим алган;

2013-жылы — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1988-жылы — МПМКда бетон даярдоочу;

1988-жылы — “Ирригатор” бакча коомчулугунда кароолчу;

1989-жылы — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010-жылдары — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-2015-жылдары — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2015-2021-жылдары — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

2021-жылдын 26-ноябрында Бакыт Жетигенов менен бирге 14 киши УКМК тарабынан “бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүүгө” шектелип кармалган.

22-декабрда Жетигенов соттун чечими менен камактан чыгарылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top