Бийликти басып алууга аракеттенгендер эки айга камалды

Бийликти басып алууга аракеттенгендер эки айга камалды

Бийликти курал менен басып алууга шектелген Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер 2 айга камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган сот бүгүн чечим чыгарган.

Бакыт Жетигенов Жогорку Кеңештин депутаты, ал  «Чүй ынтымагы» партиясынан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон. Андан кийин кайра талапкерлигин алып салган. Бекназар Купешов парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен бара жаткан.  Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» уюмдарынын лидерлери.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 15 кишини бийликти басып алууга аракетин токтотуп, кармадык деген маалымат тараткан болчу.

Бийликти басып алууга шектелип 15 киши кармалды (ФОТО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>