Чүйдө КамАЗ турак үйдү сүзүп, айдоочу ооруканага түштү — видео

Чүйдө КамАЗ турак үйдү сүзүп, айдоочу ооруканага түштү — видео

Чүй облусунун Сосновка айылында кечээ, 28-ноябрда КамАЗ турак үйдү сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КамАЗдын айдоочусу болжол менен саат 16:15те Бишкек – Ош жолунун 77-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгине чыгып, үйдү сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жабыркап, Жайыл районунун аймактык ооруканасына жеткизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>