Оштун жаңы мэри болгон Бакыт Жетигенов тууралуу эмне белгилүү?

Оштун жаңы мэри болгон Бакыт Жетигенов тууралуу эмне белгилүү?

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өмүр баяны:

Бакыт Жетигенов 1966-жылы Чүй районунун Сайлык айылында туулган.

Билими:

1991-жылы — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда «машыктуруучу-мугалим» адистиги боюнча билим алган;

2013-жылы — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1988-жылы — МПМКда бетон даярдоочу;

1988-жылы — «Ирригатор» бакча коомчулугунда кароолчу;

1989-жылы — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010-жылдары — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-2015-жылдары — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2015-2021-жылдары — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

2021-жылдын 26-ноябрында Бакыт Жетигенов менен бирге 14 киши УКМК тарабынан «бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган.

22-декабрда Жетигенов соттун чечими менен камактан чыгарылган.

Мурдагы депутат Бакыт Жетигенов Ош шаарынын мэри болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>