Прокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалган

19.11.2026 | 16:03
Прокуратура: в Джалал-Абадской области 64 гражданам незаконно назначили пенсии — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Жалал-Абад психиатриялык аймактык райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) ишинен мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу прокуратура билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, комиссиянын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзбөстөн «ИС МСЭК» маалымат системасында жасалма маалымкаттарды тариздешкен. Алардын негизинде 2025-2026-жылдары 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалган. Мамлекетке келтирилген зыян болжол менен 4 млн сом деп бааланууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top