Путин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурлар

19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Россиянын президенти Владимир Путин, КЭР төрагасы Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамптын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү башталды. Жолугушуу Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) саммитинин алкагында өтүүдө. Үч өлкөнүн лидерлери мындай форматта алгачкы жолу бир столго отурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн башкы темалары — Украинадагы жана Ирандын айланасындагы жаңжал, ядролук куралсыздануу, соода жана Москва, Пекин, Вашингтондун ортосундагы мамилелер. Бир күн мурун Трамп Путин жана Си Цзиньпин менен өз-өзүнчө жолугушкан.
Владимир Путин: Украина, АКШ менен мамилелер жана ядролук куралсыздануу

Үч тараптуу жолугушуунун алдында Путин менен Трамп болжол менен 40 мүнөткө созулган сүйлөшүү өткөрүштү. Кремлдин маалыматы боюнча, башкы тема Украина жаңжалы болду. Россия тарап жолугушуунун маанайын оң баалады, бирок жаңжалды токтотуу боюнча так макулдашуулар тууралуу кабарланган жок.
Маек учурунда Трамп Путинди өзүнүн досу деп атап, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы оң болоруна үмүт артты.
Москва үчүн дагы бир маанилүү маселе — ядролук куралды көзөмөлдөө. 2026-жылдын февраль айында Россия менен АКШнын стратегиялык ядролук куралдарын чектеген СНВ-III келишиминин мөөнөтү аяктаган.
АТЭК саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Путин Россияны Азия-Тынч океан аймагынын ажырагыс бөлүгү деп атап, өлкөлөрдү анын транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырды.
Си Цзиньпин: Тайвань, соода жана АКШ менен мамилелер

Си Цзиньпин Россия менен АКШнын лидерлерин Пекин менен Вашингтондун ортосундагы соода талаштарынын жана технологиялык атаандаштыктын фонунда кабыл алууда. Кытай соода тоскоолдуктарын азайтууну жана Кошмо Штаттар менен экономикалык байланыштарды сактап калууну жактайт.
Эки өлкөнүн мамилесиндеги эң курч маселелердин бири — Тайвань. Пекин аралды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт жана анын көз карандысыздыгына каршы чыгат. Тайвань бийлиги КЭРдин аймактык дооматтарын четке кагат. Саммиттин алдында алар Вашингтон менен тыгыз байланышта экенин билдиришкен.
Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда, эки тараптуу жолугушуу маалында Си Цзиньпин эки өлкөнүн мамилесинде олуттуу кыйынчылыктарга жол бербөө үчүн АКШны Тайвань маселесине туура мамиле жасоого чакырды.
«Тайвань маселесинде америкалык тарап туура иш кылууну бекем карманып, Кытай-Америка мамилелеринде олуттуу татаалдашуулардын жаралышынан оолак болушу керек», — деп билдирди КЭР төрагасы.
Трамп өз кезегинде Си Цзиньпинге АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын колдобой турганын билдирди. Анын сөздөрүн да Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсү келтирет.

Ошол эле учурда Вашингтон арал менен расмий эмес мамилелерди, анын ичинде коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты сактап келет.
Трамп менен болгон өзүнчө жолугушууда Си Цзиньпин сооданы, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана эл аралык жаңжалдарды да талкуулады. Америка президенти Кытайга Украинадагы согушту токтотуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.
АТЭК саммитинде сүйлөп жатып Кытай лидери аймак өлкөлөрүн сооданы кеңейтүүгө, санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестициялар үчүн тоскоолдуктарды жоюуга чакырды. Пекин ошондой эле АТЭКтин алкагындагы биргелешкен долбоорлорго 20 миллион доллар бөлөрүн жарыялады.
Дональд Трамп: Украина, Иран жана жаңы ядролук келишим
Трамп Кытайга Украинадагы жана Ирандын айланасындагы согуштарды токтотуу, ядролук арсеналдарды кыскартуу жана Пекин менен соода мамилелерин талкуулоо ниети менен келди.

Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алдында Америка президенти Путин жана Си Цзиньпин менен өзүнчө жолугушту.
Путин менен маектешүү учурунда Трамп алардын эски тааныштыгын эске салып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушуна үмүт артты. Кытай лидери менен болсо Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Трамптын башкы демилгелеринин бири — АКШ менен Россиядан тышкары Кытай да кошула турган ядролук куралдарды көзөмөлдөө жөнүндө жаңы келишим түзүү.
Трамп үчүн дагы бир маанилүү маселе — соода. Америка президенти америкалык товарлардын Кытай рыногуна кирүүсүн кеңейтүүнү, анын ичинде айыл чарба продукциясын сатып алууну көбөйтүүгө жетишүүнү көздөйт. Өлкөлөр ортосунда жасалма интеллект жана алдыңкы технологиялар тармагында да атаандаштык сакталууда.
Үч тараптуу сүйлөшүүлөр баштала электе эле Трамп Кытай тарап уюштурган кабыл алууну жогору баалап, саммиттин өтүшүнүн өзүн дипломатиялык ийгилик деп атады.
Сүйлөшүүлөрдөн эмнени күтүүгө болот
Шэньчжэнь шаарындагы жолугушууда бир эле учурда дүйнөлүк саясаттын бир нече курч маселеси — Украина менен Ирандан тартып Тайвань жана ядролук куралсызданууга чейин талкууланууда.
Үч өлкөнүн лидерлери так макулдашууларга жетише алабы же сүйлөшүүлөр пикир алмашуу менен гана чектелеби — азырынча белгисиз.
Анара Мамытова