MBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утушту

MBANK «MBusiness’те миллиондор оюну» акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Байгелерди MBusiness колдонгон жеке ишкерлер жана компаниялар алышты.
Биринчи этаптын башкы байгеси — 1 миллион сомду Назгүл утуп алды. Алгач ал жеңишине ишене алган эмес.
«14 жыл мурун чакан дүкөн ачып, кийин жеке ишкер катары катталгам. MBusiness’ке эки жыл мурун кошулуп, ошондон бери колдонуп келем. Жеңишке жеткениме азыркыга чейин ишене албай жатам! Уткан акчамды дүкөндү кеңейтүүгө жумшайм. Бардык ишкерлерге акцияга катышууну сунуштайм», — деди Назгүл.
Биринчи этаптын калган жеңүүчүлөрү «МБИЗНЕС» деген сөздү чогултуп, ар бири 200 миң сомдон алышты. Алар ар түрдүү тармактарда иштешет: коомдук тамактануу, базарда жашылча сатуу, Жалал-Абаддагы аялдардын кийим дүкөнү, тышкы жарнама өндүрүү, башкаруучу компания, көмүр сатуу жана азык-түлүк импорттоо.
Акция кандай өтөт?
Эрежелери жөнөкөй: катышуучулар MBusiness аркылуу бизнес операцияларын жүргүзүп, алар үчүн тамгаларды алышат жана «МБИЗНЕС» же «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү чогултушат. Сөздү биринчи болуп чогулткан катышуучу акчалай байгеге ээ болот.
Төмөнкү операциялар үчүн тамгалар берилет:
- MBusiness жана MKassa QR аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MPay аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MCafe аркылуу төлөм кабыл алуу;
- MBANK тиркемесинен MBusiness’ке которууларды кабыл алуу;
- MBusiness аркылуу QR-код менен төлөө;
- Visa MBusiness картасы менен POS-терминалдар жана интернет аркылуу төлөө;
- MBusiness Pay кызматы аркылуу төлөө;
- салыктарды жана мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө;
- MBusiness’те валюта алмаштыруу;
- SWIFT жана Visa Direct Account аркылуу эл аралык которууларды жүргүзүү;
- MBusiness аркылуу онлайн насыя алуу.
Ар бир операция үчүн минималдуу сумма жана күнүмдүк чектөөлөр белгиленген. Берилүүчү тамгалардын саны да чектелүү.
Акция үч этап менен өтөт:
- биринчи этап — 2026-жылдын 21-октябрынан (саат 10:00дөн) 17-ноябрына чейин;
- экинчи этап — 2026-жылдын 18-ноябрынан 15-декабрына чейин;
- үчүнчү этап — 2026-жылдын 16-декабрынан 2027-жылдын 12-январына чейин.
Ар бир этаптын аягында саат 23:59да топтолгон бардык тамгалар күйүп кетип, жаңы этап нөлдөн башталат.
Ар бир этапта бир жеңүүчү 1 миллион сом алат. Демек, акциянын жүрүшүндө үч катышуучу миллионер боло алат. Мындан тышкары, ар бир этапта дагы 20 ишкер 200 миң сомдон утат. Жалпысынан мындай 60 байге ойнотулат.
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.
MBusiness аркылуу бизнес операцияларын жүргүзүп, акциянын сөздөрүн чогултуңуз — балким, кийинки байгени дал сиз утуп аларсыз.
MBANK — биринчи санариптик банк. Кыргызстанда жасалган!
КР УБдун №014 лицензиясы.