Болоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалды

Баяке уулу Болоткан Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
33 жаштагы Баяке уулу Болоткан Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулган. Ал Ысык-Көл кооперация институтунда «Финансы жана кредит» адистигин бүтүрүп, кийин К.И. Скрябин атындагы агрардык университетте «Агроном» багыты боюнча билим алган.
Эмгек жолун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу, кийин акимдин биринчи орун басары болуп иштеген. 2021- 2023-жылдары Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган.
Жаңы дайындоого чейин Баткен облусунун Кадамжай районун акими кызматында иштеген.