Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Ошто 18 кг марихуана сатууга аракет кылгандар кармалды – видео
30.11.2022 | 09:44
Ош облусунда баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 63 жаштагы К.Г. жана 54 жаштагы Н.Н. аттуу тургундары 18 килограммдан ашык баңгизатты (марихуана) сатууга аракет кылып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө абагына камакка алынган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз